Ирандын Тышкы иштер министрлигине Франциянын жана Белгиянын элчилери, ошондой эле Германиянын дипломатиялык миссиясынын убактылуу башчысы 4-июлда чакыртылган.
Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, бул Германияда ирандык дипломат камакка алынышына байланыштуу болду.
Ирандын Австриядагы элчилигинин дипломаты Ассадолла Ассади 1-июлда Германияда камакка алынган.
Белгиянын бийлик өкүлдөрү аны "сүргүндөгү ирандык оппозициячыл топтордун Париждеги жыйынында жардыруу жасоону көздөгөн топтун ишине катышкан" деп айыптап, Германиядан аны экстрадициялоону талап кылган.
Бул иш боюнча Белгиянын өзүндө да иран тектүү эки киши камакка алынып, алардын унаасынан кубаттуу жардыруучу заттар табылган.
Австриянын бийликги болсо Ассадини дипломатиялык иммунитеттен ажыратканын 3-июлда эле жарыялаган.
4-июлда Австриянын премьер-министри Себастьян Курц иран президенти Хассан Роухани Венага келгенде аны бул маселеге “аныктык” киргизүүгө чакырды. Бирок Роухани иш боюнча кандайдыр комментарий берген жок.
Тегеран тескерисинче камалган дипломаттын бошотулушун талап кылып, Париждеги жыйында жардыруу жасоо боюнча кутумдун артында ирандык оппозициялык топ турганын билдирүүдө.
Ирандын бозгундагы оппозициячыл топторунун башын кошкон,“Улуттук каршылык көргөзүү кеңеши” аттуу бирикменин быйылкы жыйыны 30-июнда өтүп, анда “Эркин Иран”, “Ирандагы режимди алмаштыруу” деген ураан-чакырыктар илинип турган. (UE)