Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Кадамжайда үч тоннадан ашуун жапайы кара куурай жок кылынды


Кара куурайды жок кылуу. Кадамжай. 2018-жылдын июль айы.
Кара куурайды жок кылуу. Кадамжай. 2018-жылдын июль айы.

Баткен облусунун Кадамжай районунда үч тоннадан ашуун жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.

Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Бүгүнкү күндө Марказ, Үч-Коргон айыл аймактарында жалпысынан беш гектар жер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге каралып чыгып, үч тоннадан ашуун жапайы кара куурай өрттөлдү.

Учурда Кыргызстандын бардык аймактардында баңгизаттардын мыйзамсыз жайылтылышына жана баңгиликке каршы «Мак-2018” операциясы жүрүп жатат. (SA)

XS
SM
MD
LG