Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:07

Арменияда мурдагы президент суракка чакыртылды


Серж Саргсян жана Роберт Кочарян. 2008-жыл.
Серж Саргсян жана Роберт Кочарян. 2008-жыл.

Армениянын Атайын тергөө кызматы мурдагы президент Роберт Кочарян суракка 2008-жылдын 1-2-мартындагы окуялар боюнча күбө катары чакырылганын билдирди.

2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан.

Ал кагылышуулардын натыйжасында кеминде он адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн киши жараат алган. Бирок андан бери он жыл убакыт өтсө да ошол он кишини өлүмүнүн жагдайлары аныкталбай келатат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы кабарлагандай, Атайын тергөө кызматынын башчысы Сасун Хачатрян мекемеде азыр “1- март” ишинин бетин ачуу боюнча “саясий эрк” бар экенин айткан.

Бул иш боюнча Армениянын мурдагы коргоо министри Микаэл Артюнанга айып коюлуп, издөө жарыяланды.

Өлкөнүн 1998-2008-жылдардагы президенти Роберт Кочарян, 2008-2018 -жылдардагы президент, быйыл апрелде массалык толкундоолордун натыйжасында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсяндын саясий өнөктөшү болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG