Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

БУУ: Кыргызстанда ар бир сегизинчи пенсионер жалгыз жашайт


Төмөнкү Серафимовка айылындагы карыялар интернаты.
Төмөнкү Серафимовка айылындагы карыялар интернаты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, Кыргызстандагы ар бир сегизинчи карыя жалгыз жашайт.

Чүй боорундагы Төмөнкү Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүндө 370 адам бар. Алардын 168и өз алдынча туруп баса албай, 24 саат кароодо.

Жакында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба фонду 300 миң сомдон ашык каражат жумшап, бул проблеманы чечип, кошумча балык чарба жана алма бактарды тигип берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган жайдын жетекчиси Бактыбек Жунушев билдирди.

- Жыл сайын катуу жааган жаандан улам суу каптай берчү. Быйыл минтип долбоордун алкагында дамбалар бекемделди. Балык чарбабыз да пайда болду. 1500 алма багы тигилип, тамчылатма сугаруу системасы орноду, - дейт Жунушев.

2017-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда расмий катталган пенсия курагындагы адамдардын саны 627 миң болгон. Алардын 19 миңдейи 80 жаштан улуулар. (BCh)

XS
SM
MD
LG