Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14

Астанада 20 жылдык мааракени утурлай финансы борбору ачылды


Эл аралык Астана финансы борборунун ачылышы. 5-июль, 2018-жыл.
Эл аралык Астана финансы борборунун ачылышы. 5-июль, 2018-жыл.

Шаар күнүн утурлай бүгүн Астанада, президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда эл аралык финансы борбору ачылды.

Буга арналган салтанаттагы сөзүндө Назарбаев борборлун ачылышын «экономиканын ырааттуу жана туруктуу өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам» деп баалады.

«Астана аймактын башкы каржылык хабына» айланышы керек деп эсептеген Назарбаевдин айтымында, бул борбордун казакстандык модели дүйнөлүк соода аянтчалардын ишмердигинин «эң жакшы практикаларын» камтыды.

Быйыл июлда америкалык "Forbes" журналы жарыялаган макалада Астанадагы финансы борборунун турмушка жарамдуулугу аныкталышы үчүн «бери дегенде ондогон жылдар талап кылынат» деген ой айтылган.

Казакстанда Астананын күнү 6-июлда майрамдалат. Бул - президент Нурсултан Назарбаевдин да туулган күнү. Быйыл ал 78ге чыгууда. Ал эми Астананын быйыл 20 жылдык мааракеси белгиленип жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG