6-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 32...37,
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35,
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 16...21, күндүз 33...38,
Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...13, күндүз 25...30,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 11...16 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 34…36 градуска чейин ысыйт.