Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Орусиянын соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айып салды


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун эмблемасы.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун эмблемасы.

Москванын райондук сотунун 5-июлдагы чечимине ылайык, “Эркин Европа/Азаттык” радиосу 100 миң рубль (1600$) айып төлөшү керек. Муну менен сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Орусиянын “чет элдик агенттер жөнүндө", медианын ишин тескеген мыйзамынын жол-жобосун "аткарган эмес" деп тапты.

Ал эми сотто бул медиакорпорациянын кызыкчылыгын коргогон адвокаттар Орусиянын Юстиция министрлиги бир нече кайрылууларга карабай, мыйзам талаптары, мамлекеттик органдарга каржылык отчет берүүнүн тартиби боюнча ачык-айкын түшүндүрмө бербегенине көңүл бурушту. Учурда алар сот чечимине укуктук реакция кылуунуун жолдорун караштырып жатышат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Кент бул сот жараянын “орус бийликтеринин медиакорпорациянын ишине тоскоолдук кылуу боюнча аракеттер топтомунун жана анын журналисттерине каршы шектенүү жаратуу өнөктүгүнүн жаңы баскычы”,- деп мүнөздөдү.

Том Кенттин пикиринде, Орусиянын жаңы мыйзамы башынан эле саясий максатты көздөгөн. Анткени Орусияда иштеген бардык чет элдик маалымат каражаттарынын арасынан каржылоосу АКШ Конгрессинин грантынын негизинде жүргүзүлгөн гана маалымат каражаттарына “чет элдик агент” деген макам ыйгарылган.

“Бул мыйзамды бизге гана каршы багытталган деп эсептейбиз. АКШнын мыйзамдары биздин корпорациянын редакциялык көз каранды эместигине кепилдик берет. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу кайсы бир өкмөттүн агенти деген жоромол - жалган түшүнүк. Мындай жоромолдор биздин Орусияда иштөө мүмкүнүчүлүгүбүзгө буга чейин эле таасирин тийгизди жана биздин Орусиядагы кызматкерлерибизге коркунуч жаратат”, - деди Кент.

Орусияда медиага да “чет элдик агент” деген макам берген мыйзам былтыр ноябрь айында күчүнө кирген. Андан кийин Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык" радиосун, “Америка добушу” радиосун жана ага байланышы бар бир нече жаңылыктар кызматтарын “чет элдик агенттер” деп аныктаган. (UE)

XS
SM
MD
LG