Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Европарламент Молдованын сот бийлигин сындады


Мэр шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышына каршы чыккандардын нааразылык акциясы. 1-июль, 2018-жыл.
Мэр шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышына каршы чыккандардын нааразылык акциясы. 1-июль, 2018-жыл.

5-июлда 343 добуш менен кабыл алынган резолюцияда Европарламент Молдовада “демократиялык стандарттар дагы начарлап баратканына” тынчcыздануу билдирды. Ал шайлоого байланышкан соңку сот чечимдерин “мамлекеттик институттардагы терең кризистин мисалы” катары мүнөздөдү. Ошону менен катар Европарламет "акыркы сот чечимдери Молдовада “саясий жана экономикалык бийлик бир ууч адамдын колуна топтолду" деген кабатырлыкты ырастаганын” белгиледи.

Европарламенттин бул резолюциясынын алдында Евробиримдик да Молдовага 100 миллион евро каржылык жардамдын биринчи траншын берүүнү токтотуп койгон. Мунун себебин ал Кишиневдун мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылышы аркылуу жардамдын негизги шарттары: демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоо бузулганы менен түшүндүрдү.

АКШ жана Евробиримдик Молдованын батышчыл өкмөтүн колдойт. Бирок алар Кишиневдун мэрлигине антикоррупциячыл активист жана саясатчынын шайланышы жокко чыгарылганын сынга алууда.

"Ар-намыс жана чындык" платформасынын лидери Андрей Нэстасе шайлоонун 3-июндагы экинчи айлампасында орусиячыл талапкерди утуп, 52,5% добуш алган. Бирок Молдованын үч инстанциядагы соту шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, добуш берүү күнү элди үгүттөө үчүн эки талапкер тең социалдык медианы колдонгонун жүйө келтирген.

Батышчыл талапкердин жеңиши таанылышын талап кылып, миңдеген демонстранттар шайлоодон бери Кишиневдо бир нече күн бою демонстрация өткөрүшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG