Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:47

Бишкекте Асан Турсункуловдун сүрөт көргөзмөсү ачылат


Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн иш-чаралардын бири.
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн иш-чаралардын бири.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде бүгүн сүрөтчү Асан Турсункуловдун көргөзмөсү ачылат.

Иш-чара “Бабалардын изи менен”, “Алтын тамыр” деп аталат. Анда сүрөтчүнүн Орусиянын Алтай, Тыва жана Хакас республикаларында жүргөн маалында тартылган 100дөй графика, живопись эмгектери коюлат.

Турсункуловдун айтымында, бул эмгектерде аталган республикалардын маданияты, каада-салт, үрп-адаттары, тили, жаратылышы чагылдырылган.

Мындан тышкары бүгүн сүрөтчүнүн китебинин да бет ачаары болот. (NT)

XS
SM
MD
LG