Тажикстандын Шаартуз райондук прокуратурасы билдиргендей, "он кишиге ВИЧ инфекциясын жуктурган" деп айыпталып жаткан жергиликтүү аялдын иши сотко жөнөтүлдү. Азырынча сот жараяны кайсы күнү болоору айтыла элек. Айыпталуучу 30 жашта жана анын эки баласы бар.
Прокуратуранын билдирүүсүндө ал 2014-жылдан бери ВИЧ/СПИДге каршы күрөш борборунда каттоодо турганына карабастан, күйөөсү менен ажырашкандан кийин сойкулук кыла бергени айтылат.
Маалыматка караганда, анын айрым кардарлары телефон чалган номери жана смс-билдирүүлөр аркылуу аныкталган. Баары Шаартуз районунун тургундары экени кабарланды.
Тергөөнүн билдирүүсүндө, аялдын кызматынан кеминде 10 киши колдонгону аныкталган. Азырынча алардын канчасына ВИЧ жукканын так айтуу мүмкүн эмес, анткени вирус адамдын организмине киргенден кийин жарым жыл ичинде билинет.
ВИЧ/СПИДге каршы күрөш боюнча жергиликтүү борбордун жетекчиси Акрам Давлатов айыпталып жаткан аялга бул ооруну жайылткандар жоопкерчиликке тартылаары эскертилгенин маалымдады.
Учурда райондогу ВИЧ борбордо 90 адам каттоодо турат.