Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Президент Жээнбеков Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады


Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Астанадагы саммитте. 15-март, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Астанадагы саммитте. 15-март, 2018-жыл.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жээнбеков өз куттуктоосунда коңшу өлкө башчысына ийгилик жана чың ден соолук каалап, эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бекемделерине ишенимин билдирген.

“Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстан Республикасы эл аралык аренада өзүнүн татыктуу позициясы бар, эл аралык коомчулуктун таасирдүү мүчөсү болуп калды. Тарыхый салттарга жана өз ара сый-урматка негизделген кыргыз-казак бир туугандык мамилелери эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деп терең ишенем” деп айтылат Жээнбековдун куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстанга учуп кеткен. Ал Казакстандын борбор шаары Астананын негизделгенинин 20 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышат.

Казакстанда Астананын күнү 6-июлда майрамдалат. Бүгүн 78 жашка чыккан президент Нурсултан Назарбаевдин да туулган күнү.

XS
SM
MD
LG