Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, туристтик сезонго жана Көчмөндөр оюндарына кандай даярдык жүрүп атканына көз салды. Алгач өкмөт жетекчилери Балыкчы-Корумду жолунун курулуш иштери менен таанышып, "Тамчы" эл аралык аэропортунун тейлөө шарттары менен таанышты.
Премьер-министр көлдөгү эс алуучу жайлардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Анда премьер көл жээгиндеги айрым пансионаттардын шарты эс алунунун баасына туура келбей жатканын белгилеп, бул боюнча иш жүргүзүүнү тапшырды.
- Түркиядагы эс алуучу жайларга салыштырмалуу кымбат болгон учурлар бар. Эс алып келген туристтер бир эле келип кетпестен, жылыга эс алып келишине шарт түзүшүбүз керек, - деди Абылгазиев.
Жыйындан соң премьер-министр Кырчын жайлоосуна барышы күтүлүүдө. (AsM)