Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ысык-Көлдөгү жумушчу сапарында билдирди. Анын айтымында, азыркы учурга чейин бул жолдун 29 чакырымынан ашыгына асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Учурда жолдун 23-33-чакырымдарында эски асфальт-бетон катмары кырылып, негизги катмары төшөлүп жатат.
Министр быйыл жалпысынан Балыкчы-Корумду жолунун жалпы узундугунун 71 чакырымынын курулушу бүткөрүлөрүн кошумчалады.
Премьер-министр Абылгазиев жолду оңдоо жайкы туристтик мезгилде эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратпашы керек экенин белгилеп, белгиленген график менен иш жүргүзүүнү талап кылды.
Ошондой эле Абылгазиев жолду курууга мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлүнөрүн кошумчалады. Бирок канча каражат бөлүнөрүн тактаган жок.
Балыкчы - Корумду - Чолпон-Ата жолун оңдоо 2015-жылы башталган. Жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн жолду оңдоого жетиштүү каражат бөлүнбөй, иш эмгиче бүткөрүлбөй келатат.
Буга чейин жолду оңдоонун кечеңдеши Ысык-Көлдөгү туристтик сезонго кедергесин тийгизип жатканы айтылган. (BkA)