Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Таиланд: Үңкүрдөгү балдарды куткаруучулардын бири каза болду


Таиланд. Үңкүрдүн оозундагы куткаруучулар. 5-июль, 2018-жыл.
Таиланд. Үңкүрдүн оозундагы куткаруучулар. 5-июль, 2018-жыл.

Таиландда үңкүрдө камалган балдарга жардам берүү учурунда куткаруучулардын бири каза болду. Самарн Кунан балдарга жардам жеткирип, кайра үңкүрдүн оозун карай сууга толгон өтмөктөр аркылуу кайтып келаткан. Жолдо анын кычкылтеги түгөнүп калганы кабарланды.

Ал куткаруу ишине ыктыярчы катары аралашып жүргөн.

Таиланддагы жергиликтүү футбол командасындагы 12 бала машыктыруучусу менен кошо 23-июнда Тхам Луанг үңкүрүнө саякатка барып, кайткан эмес. Алар кирип кеткенде нөшөрлөгөн жаан жаап, үңкүрдөн чыга турган жолдор бөгөлүп калган. 11-16 жаштардагы балдар жана алардын 25теги машыктыруучусу суу жетпеген коңулдан тогуз күндөн кийин гана табылган.

Бирок аларды куткаруу бир нече айга созулушу ыктымал.

Тхам Луанг үңкүрүнүн тереңдиги 10 чакырым. Балдар 800-2000 метрдей тереңдикте отурат деп болжолдонууда. Ушу тапта куткаруучуларда биринен бири кооптуу үч план бар: жаан сезону басылып, суунун деңгээли төмөндөгүчө балдарды үңкүрдө калтыруу; үңкүргө башка жол таап кирүү; балдарды тез арада суу толгон татаал жана тар жолдор менен сыртка алып чыгуу.

XS
SM
MD
LG