Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

УКМК экс-министр Конгантиевдин иши кыскартылганын ырастады


Молдомуса Конгантиев. 5-ноябрь, 2008-жыл.
Молдомуса Конгантиев. 5-ноябрь, 2008-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши айыпталуучунун кадамдарында “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылганын ырастады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чечим Конгантиевдин адвокатынын арызынын негизинде кабыл алынып, кылмыш ишин кыскартуунун мыйзамдуулугун Башкы прокуратура текшерген.

УКМК тергөөнүн жүрүшүндө Конгантиев 2010-жылдын 6-7-апрелинде Таласта болгонун жана 7-апрелде Бишкекте аянтка чыккан адамдарга ок атууга тиешеси жок болгону аныкталганын билдирүүдө.

Тергөө экс-министрдин Таласта алган жараатынан улам саламаттыгына доо кеткени үчүн бир нече жолу токтотулганын да атайын кызмат эске салууда.

Башкы прокуратура 2010-жылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон болчу. Ага “ошол жылдын 6-апрелинде басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон" деген айып тагылган.

5-июлда Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов экс-министрге карата кылмыш ишинин кыскартылганын жарыялаган.

Мындан соң апрель окуясына катышкан бир катар жарандар мындай чечимге нааразылыгын билдиришкен болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG