Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 14:35

Жапониянын юстиция министрлиги "Аум Синрикё" сектасынын жети мүчөсүнүн, анын ичинде негиздөөчүсү Сёко Асахарунун өлүм жазасы аткарылганын 6-июлда билдирди. Сектанын дагы алты мүчөсү өлүм жазасынын аткарылышын күтүп жатышат.

Уюм Жапониянын тарыхындагы эң кандуу террордук чабуул үчүн айыпталган. 1995-жылдын 20-мартында сектанттар Токионун метросунда бир нече чабуул уюштуруп, элди зарин газына ууландырышкан. Натыйжада 13 киши өлүп, 6 миңдей адам жабыркаган.

Теракт үчүн айыпталып сектанын 200дөн ашуун мүчөсү соттолуп, анын 13ү өлүм жазасына кесилген.

Секта 90-жылдары Орусияда кызуу иштеп, лидери бийлик башындагылар менен да жолугуп турган. 2016-жылы Орусиянын аймагында анын ишмердигине тыюу салынган.

Уюм буга чейин Жапонияда 10 миң, Орусияда 30 миң мүчөсү бар экенин билдирип келген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG