Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

КСДП "Атамбаев “Форумду” сатты" деген маалыматты төгүндөдү


"Медиа Форум" ишканасы. 2017-жыл.
"Медиа Форум" ишканасы. 2017-жыл.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) имараты болгон “Медиа-Форумдун” ишканасы башка адамдарга сатылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул жөнүндө “Медиа-Форум” ачык акционердик коомунун башкы директору Адилет Жумалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган имарат “Медиа-Форум” ишканасына таандык жана маалымат каражаттарында айтылган “НПФ Форум” ишканасы менен эч кандай тиешеси жок.

- “Атамбаев “Форумду” сатты" деген имиштер чагымчылдыкка жатат. “НПФ "Форумдагы" менчик ээсинин алмашышы бизге да, имаратка да, биздин башка активдерибизге да эч кандай тиешеси жок. Бул макалалардын артында кимдер турганы бизге белгилүү. Алар азыркы кырдаалды эң сонун түшүнүп турушат жана адамдардын башын атайын айландырышууда, - деди Жумалиев.

“Медиа-Форум” ишканасы 1998-жылы түзүлгөн. Бул ишканага 187 адам акционер ээлик кылат жана алардын арасында Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева да бар.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык деген “Медиа-Форум” ишканасы башка адамдарга сатылганы тууралуу жазып чыгышкан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG