Казакстанда бүгүн борбор калаа Астананын 20 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатат. 6-июль өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин да туулган күнү. Казакстанды эгемендик алгандан бери башкарып келген Назарбаев быйыл 78ге чыкты.
Мааракеге коңшу өлкөлөрдүн – Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери да катышып жатат. Аларга адегенде калаада жаңы ачылган Эл аралык финансы борбору көрсөтүлдү.
Быйылкы мааракени утурлай ордо калаада эскерткичтер, велосипед жолу, бала бакчалар курулуп, парктар жаңыртылган.
Казак президентинин демилгеси менен 1997-жылы өлкө борбору Алматыдан Акмоло шаарына көчүрүлгөн. Бир жылдан кийин калаанын аты Астана деп өзгөртүлгөн.