Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:30

Бишкектин биринчи вице-мэри УКМКда сурак берүүдө


Ренат Макенов.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берүүдө. Бул жаңылыкты мэрия өкүлдөрү ырасташты.

Андан алынган маалыматка ылайык, Макенов Бишкектин №12 кичи районундагы жер тилкеси мыйзамсыз түрдө бөлүнгөнүнө байланыштуу сурак берип атат. Ренат Макенов ал учурда Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп туруп бул ишке тиешеси болгону айтылууда.

УКМК Макеновдун суракка чакырылганы боюнча кийинчерээк маалымат болорун билдирди.

Ренат Макенов былтыр августтан бери Бишкектин биринчи вице-мэрлигин аркалап жүрөт. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG