Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:20

Британ полициясы кайрадан "Новичокту" издөөдө


Полиция айрым жерлерди тосуп, уу заттын калдыгын издөөдө. Солсбери, 5-июль, 2018-жыл.

Британиянын полициясы Эймсберидеги эки адам жабык жерде турган буюмду кармагандан кийин нервди шал кылуучу "Новичок" затына ууланышканын билдирди.

Ушул тапта жүздөн ашуун полиция Солсбери жана Эймсбери шаарларында иликтөө жүргүзүп, өмүргө коркунуч туудурчу уунун изин табууга далалаттанууда.

Жекшембиде Эймсбериде аял-эркек эс учун жоготкон абалда табылган. Кийинчерээк алар Советтер Союзунда жасалган «Новичок» тобундагы затка ууланганы маалымдалган.

4-мартта мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия да «Новичоктон» ууланып, ооруканада бир нече ай жаткандан кийин эсине келишкен.

Британия бийлиги уу зат менен кол салууга Орусияны айыптап, натыйжада чоң дипломатиялык жаңжал чыккан.

XS
SM
MD
LG