Өзбекстандык футбол калысы Равшан Ирматов Орусиядагы дүйнө чемпионатын тейлөөдөн кетти. Буга анын жардамчысынын жараат алганы себеп болду.
ФИФАнын эрежелери боюнча бир бригададагы калыстарды алмаштырууга жол берилбейт.
41 жаштагы Ирматов буга чейин дүйнө чемпионаттарында 11 жолу башкы рефери болгон. Орусияда өтүп жаткан биринчиликте ал Аргентина-Хорватия жана Испания-Марокко беттештерине калыстык кылган.
Ирматов 2003-жылы ФИФАнын арбитри болгон. Ошондон бери абройлуу мелдештерди тейлеп келди. Ал 2011-жылы дүйнөнүн мыкты рефереси аталган.