Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Орусия жооп иретинде АКШ товарларына бажы алымын киргизди


Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев жана ишкер Олег Дерипаска алюминий заводунда.
Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев жана ишкер Олег Дерипаска алюминий заводунда.

Орусия Кошмо Штаттарынан келе турган товарларга 25-40% бажы алымын киргизди. Мындай чечим Вашингтондун болот менен алюминийге салык салганына байланыштуу кабыл алынган. Бул тууралуу Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигине таянып «Интерфакс» агенттиги кабарлады.

Министрлик жооп чараны караштырган документке өкмөт башчы Дмитрий Медведев кол койгонун белгилейт. Кошумча бажы алымы айрым курулуш техникаларына, мунай-газ жабдыктарына, металлды кайра иштетүүчү аспаптарга жана оптоволокного киргизилген.

Орусиянын Экономика министрлиги АКШнын болот менен алюминийге болгон кошумча бажы алымынан 538 млн. доллар чыгым тартышарын, ал эми жооп чара анын 87 миллионун гана компенсациялай турганын эсептөөдө.

АКШ буга чейин ички базарын коргоп, жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн четтен алынчу болотко 25%, алюминийге 10% бажы алымын киргизген.

XS
SM
MD
LG