Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:24

АКШнын мамкатчысы Пхеньянда бийлик өкүлдөрү менен жолугууда


Ким Ен Чхоль менен Майк Помпео. 6-июль, 2018-жыл.
Ким Ен Чхоль менен Майк Помпео. 6-июль, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 6-июлда Пхеньянда Түндүк Кореянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Ал өлкөнү өзөктүк куралдан арылтуунун деталдуу планын иштеп чыгууга жана Корей согушу учурунда өлгөн америкалык аскерлердин сөөктөрүн алып кетүүгө далалаттанып жатканы кабарланган.

Коштоп жүргөн журналисттердин маалыматына караганда, Помпео ушул кезге чейин генерал Ким Ен Чхол менен жолукту. "Бүгүнкү жолугушуу чынында маанилүү" деген анда өлкө лидеринин оң колу саналган Ким Ен Чхол. Жооп иретинде Помпео жолугушуу жемиштүү болорун болжоп жатканын айткан.

Мамлекеттик катчы азырынча Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолуккан-жолукпаганы белгисиз. Помпео алгач ирет Пхеньянда түнөп кала турган болууда.

Сингапур саммити учурунда Ким Чен Ын "денуклеризация багытында иш жүрөрүн" билдирген. Бирок Түндүк Кореянын өзөктүк программасы качан токтотулары тууралуу тагыраак маалымат алигиче жок.

XS
SM
MD
LG