Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Футбол-2018: Бразилия Бельгияга утулду


Бразилиянын капаланган күйөрманы
Бразилиянын капаланган күйөрманы

Футбол боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыккан эки команда аныкталды.

Алардын бири Бельгия өлкөсүнүн футболчулары болду. Түндө Бельгиянын улуттук курама командасы Бразилия менен ойноп, 2:1 эсебинде утуп алды. Оюнда Бразилия эсепти теңөөгө аракетин күчөткөнү менен Бельгиянын коргоочулары кынтыксыз ойноп, атаандаштарга мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада чемпионатка эң күчтүү команда катарында келген Бразилия турнирден четтеди.

Бельгиялыктар жарым финалда Франция менен ойнойт. Алар кечээ Уругвайды 2:0 эсебинде жеңди. Эки Европа өлкөсүнүн оюну 10-июлда болот.

Бүгүн жарым финалга жолдомо алуу үчүн Швеция – Англия жана Орусия – Хорватия командалары жашыл талаага чыгат. Оюндар кечки саат сегиз жана түнкү 12де болот. (SDz)

XS
SM
MD
LG