Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Кыргыз эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтов дүйнө салды


Дүйшөнбек Байдөбөтов
Дүйшөнбек Байдөбөтов

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз эл артисти, белгилүү кино жана театр өнөрпозу Дүйшөн Байдөбөтов 69 жаш курагында бүгүн эртең менен дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Анын буга чейин ооруп, дарыланып жатканы кабарланган болчу.

Актер 1949-жылы, 5-январда Ысык-Ата районунда туулган. Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтун (ГИТИС) бүткөн соң, чыгармачылык жолун 1972-жылы Ош облустук драма театрынан баштаган. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына 1991-жылы келген.

Кесиптештери Дүйшөнбек Байдөбөтовду трагедияны да, комедияны да бирдей ойногон, чыгармачылык кудурети кеңири, инсандык масштабы бийик актер катары баалашат. Маркум "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Ильястын, "Ак баранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун ролун, театрда ондогон образдарды жараткан.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районунун, Үч-Эмчек айылында 9-июлда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG