Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

“Сулайман тоо” тасмасы “Евразия” кинофестивалында эки сыйлык алды


Сыйлык тапшыруу учурунда
Сыйлык тапшыруу учурунда

Режиссер Елизавета Стишованын “Сулайман тоо” тасмасы Астанадагы “Евразия” кинофестивалында НЕТПАК жана ФИПРЕССИ сыйлыгына ээ болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш фильм” киностудиясынын түптөөчүсү жана фильмдин продюсерлеринин бири Садык Шернияз өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

НЕТПАК тасмада жашоого болгон умтулуу мыкты чагылдырылганы үчүн берилген.

Кыргыз жана казак актерлору катышкан “Сулайман тоо” тасмасы былтыр тартылган. Тасмада Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан тоо жана анын ден соолук, сүйүү жана бакыт тилеген жерге айланганы тууралуу баяндалат.

Балдар үйүнөн куткарылган Улук аттуу каарман ушул жайга келип, өз үй-бүлөсүнүн бактылуу жашашын суранат.

“Евразия” кнофестивалы 1-июлда башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG