Француз тергөөчүлөрү EgyptAir учагынын кыйроо себептерин аныктады.
2016-жылдын жаз айында EgyptAir учагынын кыйрашы экипаждын кабинасындагы өрттөн улам болушу ыктымал. Бул тууралуу француз тергөөчүлөрү борттогу жаздырылып алынган маалыматтарды чечмелегенден кийин билдиришти. Анда экипажда тутанган өрт учакты бат эле каптап кеткени айтылган. Бул тыянактар буга чейин “учак калдыктарынан жардыргыч зат табылды” деген Египеттин билдирүүсүнө карама-каршы келүүдө. Египет бийлиги кырсыкка теракт себеп болушу ыктымал деп айткан.
2016-жылы EgyptAir компаниясына таандык А320 учагы 19-майда Жер ортолук деңизине кулап түшкөн. Кырсыктан учактагы 66 киши набыт болгон. Алгач кыйроонун себептеринин ичинде теракт, техникалык мүчүлүштүк жана экипаждын катачылыгы сыяктуу версиялар айтылган. Учактын "кара кутусу" кырсык болгондон кийин бир айдан соң табылган.
Жарандык авиациянын Франциядагы бюросу маалыматтарды салыштыруу үчүн Египеттин жыйынтыктоочу отчетун күтүп жатышканын билдирген.