Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Абылгазиев: Ар бир жетекчинин иши түзүлгөн жумуш орунуна карата бааланат


Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Жыл жыйынтыгы боюнча ар бир жетекчинин иши түзүлгөн жумуш орундарынын санына жараша бааланат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдө, Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, өкмөт башчы Салык, Кылмыш жана Административдик кодекстеринин алкагында экономикалык маселелерди декриминалдаштыруу иштери күчөтүлөрүн билдирди.

- Ишкерлердин жана бизнестин кызыкчылыктарын өз учурунда жана максаттуу коргоо үчүн бизнес-омбудсмен институтун түзүү өкмөттүн кечиктирилгис милдети. Мына ушундай шарттарды түзүү менен биз аймактарда өндүрүштүк жаңы кубаттуулуктардын ачылышына, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүүгө жол ачып жатабыз. Ошондуктан дагы бир жолу эскертип коёюн, ар бир аймак жетекчиси, жылдын аягында аймакта түзүлгөн жумуш орундарынын санына жана калкка көрсөтүлгөн жардамга карап сиздердин ишиңиздер бааланат!, – деди Абылгазиев.

Кыргызстанда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Бирок айрым серепчилер жарым жылда дээрлик эч кандай өзгөрүү байкала электигин белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG