Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Логистикалык борборлор салыктан бошотулат


Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгүн колдоо максатында нормативдик укуктук-актыларга өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Ысык-Көлдөгү жумушчу сапары учурунда билдирди. Өкмөт башчынын белгилешинче, МТСтер, логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери пайдадан алына турган салыктан бошотулат. Мындан сырткары айыл чарба азыктарын жана кайра иштетүү продукцияларын экспорттоодо, импорттун негизги каражатынан кошумча нарк салыгынан бошотулат. Ошондой эле мүлк салыгынан 50 пайыз бошотуу мүмкүндүгү түзүлөт.

- Жаңы түзүлгөн ишканалар үч жылга мамлекеттик органдардын текшерүүсүнөн бошотулду. Азыркы учурда салыктык жана көзөмөлдөөчү органдардын ишкерлерди текшерүүсүнө мораторий киргизүү жана бизнес-омбудсмен институтун киргизүү маселеси өкмөттө каралып жатат”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин белгилешинче, жеке ишкердиктин активдүүлүгүн өнүктүрүү жана жагымдуу шарттарды түзүү максатында дотациялык аймактарда ачылган жаңы өндүрүш ишканаларына мүлк, киреше салыктарынан, сатуудан алынуучу салыктан жана жер салыктарынан беш жылдан 10 жылга чейин бошотуу жөнүндө өзгөртүүлөр Салык кодексине киргизилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG