Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:28

Сомалидеги кол салууда кеминде тогуз киши каза болду


"Ал-Шабааб" тобу буга чейин Сомалинин борборундагы мейманкананы жардырган. 2017-жыл
"Ал-Шабааб" тобу буга чейин Сомалинин борборундагы мейманкананы жардырган. 2017-жыл

Сомалинин борбору Могадишо шаарында жоочулар Ички иштер министрлигинин имаратына кол салып, кеминде тогуз киши каза болду.

Ондон ашуун адам жараат алды. Бул тууралуу "Ассошиэйтед пресс" агенттиги жазды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Сомали өкмөтүнө каршы күрөшүп келген “Аш-Шабааб” тобу өзүнө алган.

Маалыматка караганда, бугүн эртең менен террорчу-жанкечти айдаган машина ИИМдин имаратына кире бериште жарылган. Мындан кийин куралчан жоочулар имаратты аткылашкан. Жергиликтүү полициянын өкүлү коопсуздук күчтөрү кол салгандар менен кармаш уланып жатканын билдирген. Министрликтин ичинде үчтөн кем эмес жоочу бар деп болжолдонуп жатат.

Кол салуу учурунда полициядан сырткары мамлекеттик кызматкерлер жана башка жарандар болгон.

XS
SM
MD
LG