Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Түндүк Корея Помпео менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгына нааразы


Майк Помпео
Майк Помпео

Түндүк Корея АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Пхеньянда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына нааразылыгын билдирди.

Бул өлкөнүн мамлекеттик агенттиги тараткан маалыматка караганда, АКШнын өзөктүк куралдан арылтуу программасы боюнча бир тараптуу кадамдарды талап кылганына Пхеньян макул эмес. Билдирүүдө Түндүк Корея өзөктүн куралдан баш тартуу идеясын жактай турганын, бирок Кошмо Штаттардын аракети бул максатка жетүүгө мүмкүндүк бербей жатканы айтылат.

Буга чейин Майк Помпео Пхеньяндагы эки күндүк сүйлөшүү жемиштүү болгонун билдирген. “Биз дээрлик бардык сүйлөшүүлөр боюнча алдыга жылдык”, - деген ал журналисттерге.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 6-июлда Пхеньянда Түндүк Кореянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан. Ал өлкөнү өзөктүк куралдан арылтуунун деталдуу планын иштеп чыгууга жана Корей согушу учурунда өлгөн америкалык аскерлердин сөөктөрүн алып кетүүгө далалаттанып жатканы кабарланган.

Мурдараак Мамлекеттик департаменттин өкүлү конкреттүү маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ түзүү боюнча макулдашылганын билдирген. Мындан сырткары Пентагон жана Түндүк Кореянын расмий өкүлдөрү 12-июлда 1950-жылы Корея согушунда курман болгон америкалык аскерлердин сөөгүн мекенине көчүрүү маселесин талкуулоо үчүн жолугары айтылган.

XS
SM
MD
LG