Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:33

Таиландда балдарды куткаруу операциясы башталды


Таиланд
Таиланд

Таиландда куткаруучулар үңкүрдө камалып калган 12 баланы жана футбол боюнча машыктыруучуну куткаруу операциясын баштаганын жергиликтүү бийликке шилтеме кылып "Франс пресс" агенттиги жазды.

“Балдар бардык кыйынчылыкка даяр”, – деп билдирген куткаруу миссиясынын башчысы Наронгсака Оссатанакорна. Ал эми Би-Би-Си балдардын биринчи тобу жолго аттанышы керектигин билдирди. Маалыматка караганда, жолдун биринчи бөлүгү эң оор деп эсептелет. Балдар үңкүрдүн тар жана суу толгон аймагынан өтүшү керек.

Буга чейин балдар суу алдында кийген жабдууну кантип колдонуу керектигин үйрөнүшкөн. План боюнча балдар куткаруучулардын базасы болгон үңкүрдүн бир жеринде эс алышат, андан кийинки жол бир аз жеңилирээк деп эсептелет.

Куткаруу операциясы бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө башталган. Куткаруучулар балдардын биринчи тобу кечки саат тогуздарда үңкүрдөн чыгат деп үмүт кылып жатышат. Андан соң аларды ооруканага алып барышат.

Куткаруу операциясына жалпысынан эки-төрт күн кетет. Ага 13 чет элдик, беш тай суучу жана беш “деңиз мышыгы” катышууда.

23-июнда Чианг-Рай провинциясында жергиликтүү футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы 12 өспүрүм үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон дайынсыз жоголгон.

Он күндөн кийин аларды британиялык суучулдар таап, видеокамерага тартып чыгышкан. Балдар ушул тапта үңкүрдүн оозунан үч чакырым ичкери жердеги коңулда турушат. Куткаруучулар камоодо калгандарды бир канча ай бою тамак-аш, кийим-кече, жылыткыч жана байланыш менен камсыз кылып туруунун камын көрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG