Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Тамак-аштан уулангандар көбөйдү


Жайкы аптапка байланыштуу ооруканага тамак-аштан ууланып кайрылгандардын саны өстү.

Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, күнүнө ашказан жана ичеги оорулары менен 90-100 киши кайрылып жатат. Алардын жарымы ооруканага жаткырылууда.

- Былтыркыга караганда тамактан уулангандар көбөйдү дегенге болбойт. Бул жайкы сезонго байланыштуу. Курч мүнөздөгү ашказан-ичеги ооруларын негизи колдун киринин оорусу деп да коюшат. Экинчиден, көчөдө саткан тамак-аштан, өзгөчө эттен, сүттөн, жумурткадан жана майонез кошулган тамактарды алганда этият болуш керек. Туура сакталган жерден гана алыш керек. Анан кайнатылган сууну ичиш керек.

Алиевдин белгилешинче, ооруканага ичи ооруп түшкөндөрдүн басымдуу бөлүгү балдар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG