Кыргызстандын жасалма бөйрөк жана нефрологиялык бейтаптар бирикмеси Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына беш гемодиализ жабдуусун берди.
Бул гуманитардык жардам германиялык “Фрезениус” компаниясынан алынган. Каракол шаарындагы бир нече жасалма бөйрөк жабдуусу бузулган. Жаңы жабдуулардын үчөө дароо Ысык-Көл аймактык ооруканасына жиберилгенин бирикменин төрайымы Венера Ташманбетова билдирген.
Азыркы тапта жасалма бөйрөк жабдуусуна кезекке турган бейтаптар жок. Жакын арада жеке менчик – мамлекеттик өнөктүктүн алкагында 280 бейтапты тейлеген гемодиализ борбору курулганы жатат.
Бүгүнкү күндө 600 бейтап бюджеттик негизде, дагы 600 бейтап милдеттүү медициналык фонддун каржылоосу менен гемодиализ кызматын алып жатат. (BCh)