Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жазалоо укуктарынан ажыратылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлгө жасаган жумушчу сапары учурунда билдирди. Анын айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында башкармалыктын ишмердигин кескин өзгөртүү чаралары каралган.
- Мен ЖКККБга бузууларды аныктоо укуктарын гана берүү пикирин карманам. Бул аркылуу алар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жооптуу болушат, ал эми таякча менен туруп алып, бузуучуларды аныктоо, пара талап кылуу мүмкүндүгү жоголот. Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн жооптуулар чет мамлекеттик номерлүү ар бир унааны токтотуп жатышса, туризмди өнүктүрүү тууралуу кайдан сөз болот?, – деди өкмөт башчы.
Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоону камсыздоо, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруусун талап кылды. (КЕ)