Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

“Путиндин күбөлөрү” Чехиядагы сынакта баш байге алды


Режиссер Виталий Манский
Режиссер Виталий Манский

Режиссер Виталий Манскийдин “Путиндин күбөлөрү” тасмасы Карловы Варыдагы даректүү тасмалардын сынагында баш байге алды.Тасмада Орусиянын президенти Владимир Путиндин саясий карьерасынын башталышы тууралуу уникалдуу кадрлар камтылган. Анын бийликке келип калышындагы негизги күбөлөр көрсөтүлгөн. Анда 1999-2000-жылдары Манский тарткан, мурда эч жерде чыкпаган картиналар бар.

Алгач ирет “Путиндин күбөлөрү” фильми быйыл 18-мартта Орусиядагы президенттик шайлоону утурлай тартууланган.

Фильмде көрүүчүлөр "Путинди президент болууга көндүрүү керек беле?", "Ельцин жаңы шайланган мамлекет башчынын телефон чалуусун канча күткөн?", "Ал күнү шайлоо штабында эмнелер болуп жатты?", "Борис Немцов НТВ каналынын эфиринде эмне деп айтты эле?" деген өңдүү суроолорго жооп алышмакчы.

Фильмде СССРдин алгачкы жана акыркы президенти Михаил Горбачев да көргөзүлөт.

Карловы Варыдагы фестиваль “А” категориясына кирип, Европадагы эң престиждүү сынактардын катарына кирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG