Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Таиландда кеме кыйрап, 14 киши дайынсыз болууда


Куткаруучулар “Феникс” кемеси Пхукет аралынын жээгинде кыйроого учураган соң дайынсыз жоголгон 14 кишини издеп жатат.

Алардын көбү Кытайдын жарандары экенин "Бангкок пост" гезити жазды. Жекшемби күнү куткаруучулар сууга чөгүп кеткен кемеден дагы бир адамдын сөөгүн алып чыгышты. Муну менен кырсыкта каза болгондордун саны 42ге жетти. Жалпысынан кемеде 105 киши болгон, алардын 49у куткарылган. Бүгүн кытай куткаруучуларына Таиланддын суучулдары да кошулду. Таиланд бийлиги кемени кургакка алып чыгууга аракет кылууда.

5-июлда “Феникс” аба ырайынын начар болгонуна карабай жолго чыккан жана катуу бороонго туш болгон. Кеме кийин оодарылып кеткен.

XS
SM
MD
LG