Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Армениянын мурдагы президентинин туугандары айыпталууда


Серж Саргсян жана Роберт Кочарян. 2008-жыл.
Серж Саргсян жана Роберт Кочарян. 2008-жыл.

Армениянын атайын иликтөө кызматы быйыл апрелде бийликтен кетүүгө аргасыз болгон президент Серж Саргсяндын жакын туугандарына расмий түрдө «мыйзамсыз ишкердик кылган» деген айып такты.

Атайын иликтөө кызматынын маалыматында мурдагы президенттин бир тууган агасы Лёва Саргсян, анын уулу Нарек менен кызы Ани айыпталууда.

Лёва жана анын кызы Ани документ жасалмалоо бернеси менен күнөөлөнүп, сот атасын камакка алууга ордер берди. Ал эми Ани менен Нарек үй камагына алынды.

Быйыл май айында өкмөт башчы болуп шайланып келген Никол Пашинян коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзөрүн жарыялаган.

Өткөн жумада бийлик акыркы бир жарым айда эле коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 35 миллион доллар кайтарылганын билдирген. Быйыл май айында бийликке келген Никол Пашинян башында турган Армения өкмөтүнүн жасап жаткан иштерине, реформалык чакырыктарына дүйнө коомчулугу назар салып турган учур.

Европарламент да Арменияны реформаларды акырына чыгарууга үндөп келет. 4-июлда Европарламент былтыр Армения менен түзүлгөн кызматташтык боюнча келишимди ратификация кылды. Анда сөз сүйлөгөн Европарламенттин депутаты Ласло Ток “Биз аларды коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө жана шайлоо мыйзамдарын реформалоого чакырдык” деген.

XS
SM
MD
LG