Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

ФИФА хорватиялык оюнчулардын видеосун териштирет


Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) хорватиялык оюнчулардын Интернетке онлайн чыгарган видеосун териштирет. Бул тууралуу 8-июлда федерация маалымат таратты.

Интернеттеги видеодо Хорватия курама командасынын коргоочусу Домагой Вида Орусиянын командасын жеңген соң «Украинага даңк» десе, дагы бир оюнчусу Огнен Вукойевич «Бул жеңиш "Динамо" менен Украинаныкы, алга Хорватия» деп коштоп кыйкырган.

ФИФА дүйнөлүк футбол чемпионатында ойноп жаткан хорватиялык футболчуларга саясий аракеттери үчүн айып пул салып, дисциплинардык же башка чара колдонулушу мүмкүн. Бирок азырынча федерация видеодогу аракеттер текшерилип гана жатканын билдирди.

7-июлда өткөн дүйнөлүк футбол боюнча чемпионаттагы чейрек финалдын алкагында Орусия Хорватия менен ойноп, 2:2 болуп, пенальти тебүүдө хорватиялыктар жарым финалга жолдомо алган.

Буга чейин Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Швейцариянын курама командасынын эки оюнчусуна Сербиянын командасы менен беттешүүдө саясий мааниси бар деп эсептелген, жаңсап көрсөтүлгөн ишараттары үчүн 10 миң швейцар франкы (10 миң доллардан ашуун) өлчөмүндө айып салган. Ушундай эле жазага Швейцариянын курама командасынын капитаны Штефан Лихтштайнер кириптер болгон.

XS
SM
MD
LG