Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Ошто 250 адам балдарын эмдетүүдөн баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда быйыл жыл башынан бери 250 жаран баласын эмдетүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Ош облустук эмдөө борборунун башчысы Булбул Үмөтова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ата-энелердин эмдөөдөн баш тартышы кооптуу илдеттердин жайылышына себеп болууда:

- 2011-жылы Кара-Сууда кызамык оорусу чыгып, чукул арада тарап кеткен. Биз ооруну иликтеген учурда ал жердеги бир көчөдө жашагандардын дээрлик баары диний көз карашынан улам эмдөөдөн баш тарткандар болуп чыкты. Аларга түшүндүрүү иштерин кайра-кайра жүргүзгөндөн кийин гана эмдөөгө макул болушкан.

Ош облустук эмдөө борборунун маалыматына караганда, 2017-жылы дубанда балдарын эмдетүүнү каалабагандар 400 кишини түзгөн. Кыргызстан боюнча былтыр жети миңдей киши эмдөөдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG