Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:12

Бишкекте салык кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн бир нече кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, сөз болуп жаткан бөлүмдүн салык кызматкерлери ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар импорттоо үчүн Н.И. аттуу жаранга аныктама беришкен. Ишкер өлкөдөн 86 млн. сомдук товар чыгарып, бирок ал үчүн салык төлөгөн эмес. Натыйжада мамлекетке 10 миллион 399 миң 474 сом салык түшпөй калган. Муну ишкер салык кызматкерлери менен чогуу жасаган деп шек саналууда.

Факты боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 166 ("Алдамчылык"), 212 (“Жеке ишкердин салык жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү") жана 350 ("Документтерди жасалмалоо") беренелери боюнча айып тагылды. Иш Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG