Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:51

Бишкектин биринчи вице-мэри тергөө бүткүчө камакта калды


Ренат Макенов.
Ренат Макенов.

Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновго айыбы угузулуп, ал тергөө бүткүчө камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Макеновдун бөгөт чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карады.

УКМК билдиргендей, Ренат Макенов Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары менен кошо Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген деп шек саналууда.

Ренат Макенов 6-июлда УКМКга сурак бергенден кийин кармалган. Аны менен чогуу мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектүү катары камакка алынган. Мурзакановдун бөгөт чарасы тууралуу маалымат бериле элек.

Ренат Макенов былтыр августтан бери Бишкектин биринчи вице-мэри болуп иштеп жүрөт. Факты болгон учурда ал Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп турган.

Бишкек шаардык прокуратурасы баш калаада үч жарым гектар жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон. Кийин бул ишке 303-беренени (“Коррупция”) кошкон. Учурда тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG