Түрк бийлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн түндүк-батышындагы Текирдаг провинциясында болгон кырсыктан 24 киши курман болуп, 70тей киши жаракат алды.
360 жүргүнчүнү салып бараткан поезд жолунан чыгып, алты вагондун бешөө оодарылып кеткен. 8-июлдагы кырсыкка нөшөрлөп жааган жаандан улам рельс жаткан жердин эзилип, оюлуп калганы себеп болгону айтылууда. Поезд Эдирне шаарынан Стамбулга бараткан.
Түркиянын мамлекеттик «Анадолу» маалымат агенттиги президент Режеп Тайып Эрдоган каза тапкандардын жакындарына көңүл айтканын жазды.