Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Таиландда үңкүрдөгү балдарды куткаруу иши кайра жанданды


Балдарды куткаруу операциясына даярдык көрүү учуру.
Балдарды куткаруу операциясына даярдык көрүү учуру.

Таиланддагы үңкүрдө эки жумадан бери камалып турган балдарды куткаруу иштери 9-июлда кайра башталганын расмий бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Жекшемби күнү куткаруучулар төрт баланы аман-эсен алып чыгышкан. Ошондо үңкүрдө дагы тогуз киши бар.

23-июнда Чианг-Рай провинциясында жергиликтүү футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы 12 өспүрүм үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Балдар ушул тапта үңкүрдүн оозунан үч чакырым ичкери жердеги коңулда турушат. Аларды алып чыгууга нөшөрлөп жааган жаандан улам үңкүрдөгү жолдорго суу толуп калганы оорчулук жаратууда.

Куткаруу операциясына 13 чет элдик, беш жергиликтүү суучул жана беш “деңиз мышыгы” катышып жатат. Үңкүрдөгүлөрдүн баарын алып чыгууга үч-төрт күн кетиши мүмкүн экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG