Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:09

КМШ мамлекеттеринин прокурорлору киши сатуу менен чогуу күрөшөт


On July 9-10 an international practical seminar "Mutual legal assistance in criminal cases related to trafficking in persons and smuggling of migrants" will be held in Bishkek. Bishkek, Kyrgyzstan.
On July 9-10 an international practical seminar "Mutual legal assistance in criminal cases related to trafficking in persons and smuggling of migrants" will be held in Bishkek. Bishkek, Kyrgyzstan.

Бишкек шаарында “Киши сатуу жана мигранттарды мыйзамсыз ташуу боюнча кылмыш иштеринде укуктук жактан көмөктөшүү” аттуу эл аралык жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Иш-чарага Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин, Орусиянын, Түркиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокуратураларынын өкүлдөрү катышууда. Жыйында алар киши сатуунун курмандыгы болгон адамдардын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташууну, маалымат алмашууну макулдашты. Прокурорлор ошондой эле киши сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө тажрыйба алмашууда.

9-10-июль күндөрү улана турган иш-чараны Башкы прокуратура БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси менен чогуу уюштурду. Европа комиссиясы каржылык колдоо көрсөткөн.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 кыргызстандык кулчулуктан куткарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG