Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Мьянмада "Рейтердин" эки кабарчысы сот жообуна тартылууда


"Рейтердин" эки кабарчысы Ва Лоне менен Кйа Соэ Оону полиция алып кетип бараткан учур. 9-июль, 2018-жыл.
"Рейтердин" эки кабарчысы Ва Лоне менен Кйа Соэ Оону полиция алып кетип бараткан учур. 9-июль, 2018-жыл.

"Рейтердин" Мьянмадагы эки кабарчысы рохинжа мусулмандары тууралуу жазган материалдарында "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп айыпталууда. 9-июлда сот аларды жоопкерчиликке тартууга макулдук берди жана биринчи соттук териштирүүнү 16-июлга белгиледи.

Эгерде Бирманын бул жарандары - 32 жаштагы Ва Лон менен 28 жаштагы Кйа Соэ Оо - күнөөлүү деп табылса, алар 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Журналисттер декабрда кармалган.

Былтыр августта башталган куралдуу кагылышуудан кийин Мьянмадан 650 миңден ашуун рохинжа мусулмандары коңшулаш Бангладешке өтө качкан. Ал кандуу окуяны Бириккен Улуттар Уюму "улутка кыргын салуу" деп баалап, жергиликтүү бийликти сынга алган. Журналисттер өз материалдарында ушул окуялар тууралуу кабарлашкан. "Reuters" агенттиги кабарчылары күнөөсүз экенин, мыйзамды бузбаганын жана алар Мьянмадагы рохинжа мусулмандарын куугунтуктоо тууралуу жазып, журналисттик милдеттерин гана аткарганын билдирүүдө.

“Соттун бүгүнкү чечими Мьянманын бийлиги сөз эркиндигин жана мыйзам үстөмдүгүн коргой тургандыгынан олуттуу күмөн жаратат” деди “Рейтердин” президенти Стивен Адлер.

XS
SM
MD
LG