Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

Сууга чөгүп каза болгондордун саны 60ка чукулдады


Чоң Чүй каналы. Иллюстрациялык сүрөт.
Чоң Чүй каналы. Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын башынан бери Кыргызстанда сууга агып жана чөгүп 57 адам каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Мунун ичинен 35и сууга түшүү сезону башталгандан бери каза болгон. 35 адамдын ичинен тогузу өспүрүм, үчөө аял киши.

Кырсыктагандардын басымдуу бөлүгү - Чүй жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Негизинен сууга түшүүнү билбегендер, мас абалында сууга түшкөндөр жана чөмүлүүгө ылайыкташпаган жерлерде сууга түшкөндөр каза болгон.

2017-жылы 144 адам сууга түшүп же агып кетип каза тапкан. ӨКМ быйыл 168 суучул-куткаруучуну даярдаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG