"Инстаграмдагы" баракчасына бийлеген видеосун жайгаштырган кыздын өз кылыгына өкүнүп жатканы мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлдү. Анда 18 жаштагы Маэде Хожабри өлкөдөгү моралдык эрежелерди бузганын моюнга алып, башкаларды анын кылыгын кайталабоого чакырган.
Укук коргоочулардын айтымында, мамлекеттик телеканалдан күнөөсүн мойнуна алып сүйлөгөн адамдар көбүнчө кысымга кабылат.
Ирандын бийлиги коомдук жайда бийлөө ислам дининин талаптарына каршы деп белгилешет. "Инстаграмда" 40 миңдей катталуучусу бар Маэде Хожабри өз баракчасына поп-музыканын жана рэптин коштоосунда бийлеген ондогон сүрөт-видеолорун жайгаштырган. Анда ал жүзүн жана денесин ислам дини талап кылгандай жаппаганын көрүүгө болот. Айрым маалыматтарда учурда кыз бошотулган.
Ирандын полициясы буга чейин "Инстаграмдагы" бул сыяктуу аккаунттарды жабууга убада берген.