Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Румынияда антикоррупциялык прокурор Лаура Кьовеши кызматтан бошотулду


Лаура Кьовеши.
Лаура Кьовеши.

Румыниянын президенти Клаус Иоганнистин 9-июлдагы жарлыгына ылайык, коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп келгени айтылып жүргөн антикоррупциялык прокурор Лаура Кьовеши кызматынан бошотулду.

Негизи президент Лаура Кьовешини иштен бошотууга караманча каршы болуп келген.

Прокурор айымды кызматтан алууну румын өкмөтүн башкарган Социал-демократтар партиясы жана юстиция министри Тудорел Тоадер талап кылган. Министр прокурор Лаура Кьовешини "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, анын ичинде мыйзамсыз тыңшоо ыкмасын колдонгон" деп айыптап жатат.

Президент буга чейин ал дооматтарды ойдон чыгарылган деп эсептей тургандыгын айткан. Бирок бир канча күн мурда Конституциялык сот министр Тудорел Тоадердин талабын канааттандырган жана президентти юстиция министринин сунушу менен прокурор Лаура Кьовешини кызматтан алууга милдеттендирген.

Социал-демократтар партиясы эгер президент Конституциялык соттун чечимин аткаруудан баш тартса, ага импичмент жарыялоо процессин баштаарын эскертип, камдана баштаган. Президент Клаус Иоганнистин Лаура Кьовеши кызматтан бошотууга барышына акыркы саясий кырдаал себеп болгондой.

XS
SM
MD
LG