Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:01

Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашев көрсөтүлдү


Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевди Ош шаарынын мэрлигине сунуш кылды. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Суербек Аманов "Азаттыкка" билдирди.

Көпчүлүк коалицияга КСДП (16 мандат), "Бир Бол" (5 мандат) жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары (6 мандат) кирет.

Буга чейин шаардык кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы (9 мандат) өзүнчө талапкер чыгарары кабарланган. Ал эми беш депутаты бар "Республика - Ата Журт" жана төрт депутаты бар "Өнүгүү-Прогресс" партиялары талапкер көрсөтпөй турганын билдиришкен.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга белгиленген.

3-июлда өкмөттүн буйругу менен Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалган. Ал 2014-жылдын 15-январынан бери Ош шаарын башкарып келген. (YI\ErN)

XS
SM
MD
LG